Республика ичинде өткөрүлгөн "Мыкты класс жетекчи-2024" кароо-сынак онлайн форматта өткөрүлдү. кароо-сынактын жүрүшүндө тест тапшырып, видео сабактарды жөнөтүп калыстар тобу тарабынан бааланып орундар берилди. №89 жалпы орто билим берүү мектебинин атынан башталгыч классынын мугалими Абдыраимова Ригинна Джекшеналиевна активдүү катышкандыгы үчүн Ардак грамота, тастыктама менен ыраазычылык кат берилди.
Окуучулардын “ЗИРЕК КЫЗ, БИЛГИ БАЛА” САРМЕРДЕН оюн-мелдеши болуп өттү 2024-жылдын 25-26-27-март күндөрү Республикалык деңгээлде окуучулардын “ЗИРЕК КЫЗ, БИЛГИ БАЛА” САРМЕРДЕН оюн-мелдештери өтөт. Бул иш-чара Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борбору уюштурууда. Сармердендин жыйынтыгында эң жогорку упай топтогон эки мектептин топторуна бирден боз…