№89 ЖОББМ №89 ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИ

Мектеп

Мектептин курулган жылы: 2008-жыл О нас – СОШ №89

Имараттын сыйымдуулугу: 764 окуучуга ылайыкталган. Азыркы учурда мектепте 1220 окуучу билим алат. 

Педагогикалык жамааттын саны: 69 мугалим, айкалыштырып иштегени-5

Окутуу тили: кыргыз, орус.

Иштөө режими:  1-нөөмөт 8:00-13:00, 2-нөөмөт 13:30-18:30

Акыркы жолу аккредитациядан өткөн жылы:2018-жылдын  9-январы

Сертификат № СС180004300,каттоо № 2018/0027

Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери: 02506200910037

Мектеп 3 кабаттан  турат, 38 окуу кабинети,150 орундуу жыйындар залы, спорт залы жана 90 орундуу ашкана бар.

Мектептин локалдык актыларыМектептин өнүгүү программасыМектептин локалдык актыларыМектептин жылдык иш мерчемиМектептин локалдык актыларыМектептин окуу планыМектептин локалдык актыларыМектептин ички тартип эрежелери

 

Жалпы орто билим берүү мекемесинин миссиясы:

Мекенчил, дүйнөгө болгон көз карашы кеңири, сынчыл ой жүгүртө алган, физикалык жактан өнүккөн, коммуникативдик маданиятка, келечектин көндүмдөрүнө ээ, көп тил билген, негизги мектепти бүтүп, билим алуунун жогорку деңгээлине жетүүгө даяр, кесип тандоого жөндөмдүү, коомдун өнүгүүсүнө таасир бере алган, өзүн таанып билген  жаранды  даярдоого бардык шарттарды түзүү жана ишке ашыруу

Мектептин негизги усулдук  темасы: “Окуу процессинде инновациялык технолгияларды колдонуу аркылуу окуучуларды келечектин көндүмдөрүнө калыптандыруу”

 

Жетишкендиктер:

  • 2022-2023-окуу жылында республикалык “жоокер ыры” кароо сынагында шаар ичинде мектептер арасында патриоттук ырларды ырдоо номинациясында 1-орун (ардак грамота)
  • 2022-2023-окуу жылында республикалык “жоокер ыры” кароо сынагында район ичинде мектептер арасында патриоттук ырларды ырдоо номинациясында 1-орун (ардак грамота)
  • 2022-2023-окуу жылында район ичинде өткөрүлгөн балдар арасында волейбол оюну боюнча 1-орун (кубок, грамота, медаль)
  • 2022-2023-окуу жылында район ичинде өткөрүлгөн балдар арасында футбол оюну боюнча 1-орун (кубок, грамота, медаль)
  • 2021-2022-окуу жылында “Келечек” студиясы уюштурган “Акыл таймаш”  шаардагы мектептер арасындагы кароо-сынак, 3-орун (грамота, китеп жана  Чыныбай Турсунбеков фондунан акчалай сыйлык);
  • 2021-2022-окуу жылында Чынгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча шаардык көркөм окуу кароо- сынагы, “Алтынайдын монологу” 11-А классынын окуучусу Эльдияр кызы Адина, 3-орун;   
  • 2021-2022-окуу жылында райондук спартакидада,  ордо оюну, 3-орун (грамота);
  • 2021-2022-окуу жылында укук бузуунун алдын алуу боюнча Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгы тарабынан уюштурулган футбол боюнча спартакиадада, 3-орун, жеңил атлетика боюнча 1-орун, шаардык спартакиада, жеңил атлетика боюнча 1-орун;
  • 2021-2022-окуу жылында шаардык балдар арасындагы волейболдон, гандболдон, жеңил атлетикадан 1-орун (грамота)
  • 2020-2021-окуу жылында райондук “Касым Тыныстановдун эмгеги-унутулгус, табылгыс тарбия” аттуу темада дил баян, жат жазуу сынагы, 10-А класстын окуучусу Иманбекова Аделя 2-орун, жаш адис кыргыз тили жана адабияты мугалими Оторбаева Анипа 2-орун;
  • 2020-2021-окуу жылында «Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата»  райондук семинар өткөрүлдү.
  • 2020-2021-окуу жылында райондук мектеп аралык кичи футбол боюнча 6-8-класстар арасында 3-орун (грамота);
  • 2020-2021-окуу жылында райондук жайкы спартакиададан бадминтон, пионербол боюнча 3-орун, мугалимдер арасында спартакиада-3-орун; 
  •  2020-2021-окуу жылында жергиликтүү аймактык башкаруу  аралык балдардын жайкы спартакидада жеңил атлетика 5-6-класстар арасында 3-орун;
  • 2020-2021-окуу жылында жеңил атлетика боюнча жаштар арасында Беларуссияда өткөн дүйнө биринчилиги,  9-А класстын окуучусу Таштанов Калыс 1-орун (кубок,медаль,грамота)
  • 2020-2021-окуу жылында Мамлекеттик тилдин 31 жылдыгына карата шаардык  «Китеп билим булагы» деген темада 6-В класстын окуучусу Асаналиева Шоола дилбаян конкурсунан 2-орун (планшет), даярдаган мугалими Кармышак кызы Жаркын (грамота, 3-күндүк Ысык-Көлгө жолдомо)
  •  2020-2021-окуу жылында мугалимдер күнүнө арналган “Мугалим жөнүндө бир сөз” видеороликтеринин республикалык сырттан таануу конкурсуна активдүү катышкандыгы үчүн 5-А классынын окуучусу Элдиярова Сайкал (грамота);
  •  2019-2020-окуу жылында  Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата «Кыргыз акын жазуучулардын чыгармаларынан сюжеттүү сүрөттөр» райондук  кароо-сынагы 3-орун (грамота);
  • 2019-2020-окуу жылында 9-май Улуу жеңиштин 75 жылдыгына карата «Өлбөс каттар-согуш чындыгы» кароо -сынагы, онлайн видео роликтер;
  •  2019-2020-окуу жылында райондук  иш чарада 11-А класстын окуучусу Орозалиев Даниель долбоор темасы “Тил жана коом”(грамота); 
  • 2019-2020 -окуу жылында шаардык Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Кыргыз Республикасындагы Россотрудничество шаардык окурмандардын сынагында 10- А класстын окуучусу Абдылдабек кызы Бермет 2-орун (грамота);
  • 2019-2020 -окуу жылында Эл аралык чемпионатта жеңил атлетика боюнча 8-А класстын окуучулары Таштанов Калыс,Эгембердиев Залкар 1-орун;
  •  2019-2020-окуу жылында “Сурия” коомдук фонду уюштурган чыгармачыл эгиздер жаш таланттар конкурсуна 7-В класстын эгиз окуучулары Укубаев Салман, Укубаева Сахиба катышып, байгелүү орун ээлешти (грамота).