№89 ЖОББМ №89 ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИ

Мектепке электрондук каттоо боюнча нускама

Ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр үчүн мектепке балдарды кабыл алууга арыз берүүнүн нускамасы

КАНТИП КОЛДОНУУ КЕРЕК?

Колдонуу үчүн, төмөнкү маалыматты толтуруңуз:

1. Балага ким экениңизди көрсөтүңүз?

Ата;

Эне;

Мыйзамдуу өкүл (бул пунктту тандагандан кийин тиешелүү документти тиркөө керек).

2. Баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү жөнүндө маалымат:

Жарандык;

Идентификациялык жеке номери (ИЖН), аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (сериясы, номери);

Уюлдук телефондун номери; Негизги электрондук почта;

Кошумча электрондук почта (Электрондук почталар логин, паролду калыбына келтирүү үчүн колдонулат); Артыкчылыгы (льгота) Бар/Жок.

3. Бала тууралуу маалымат:

Идентификациялык жеке номери (ИЖН), толук аты-жөнү, туулган жылы, баланын жынысы;

Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сериясы, номери;

4. Мектепти тандоо:

Биринчи этап үчүн:

Окутуунун каалаган тили;

Ата-эненин катталган дареги боюнча система автоматтык түрдө тиешелүү мектепти көрсөтөт.

Экинчи этап үчүн:

Окутуунун каалаган тили;

Область/шаар Арыз ээси каалаган бош орун бар мектепти тандай алат.

5. Толтурулган форманы жөнөтүү алдында маалыматты карап чыгуу:

Өтүнмөнү берүүдөн мурун арызда толтурулган маалыматтардын тууралыгын текшерүү зарыл.

• Арызыңызды ырастагандан кийин, Сиздин электрондук почтаңызга мектепке кирүү үчүн арыз ийгиликтүү кабыл алынгандыгы тууралуу билдирүү жөнөтүлөт.