№89 ЖОББМ №89 ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИ

Биз жөнүндө

     Саламатсыздарбы, урматтуу ата-энелер жана биздин сайтыбыздын коноктору!
   Биз сизди №89 жалпы орто билим берүү мектебинин сайтынан көргөнүбүзгө кубанычтабыз. Сиз бул жактан биздин мектепке байланыштуу маалыматтарды таба аласыз. Биздин окуучулардын жана ошондой эле мугалимдердин мектептеги жашоосу, мектепте өткөрүлүп жаткан ар кандай кызыктуу иш чаралары менен тааныша аласыздар.
Эгер сурооңуздар болсо – бизге жазыңыз, биз сизге сөзсүз түрдө жооп беребиз.
Сиздерди терең урматтоо менен №89 ЖОББМнын директору Худайбердиева Топчугүл Мухтаровна

№ 89 ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ОРТО МЕКТЕБИ

Мектептин аталышы№89 жалпы орто билим берүү мектеби
Мектеп директоруХудайбердиева Топчугүл Мухтаровна
Дареги  Свердлов району, Учкун конушу, Миң Булак көчөсү
Телефондору+996 (312) 42 88 08
Эл.дарекМектептин сайты

Фейсбук баракчасы

Инстаграм баракчасы

[email protected]www.89.edubish.kg

СОШ 89

89_mektep_official

Менчиктештирүү формасыМуниципалдык
Мектептин курулган жылы2008-жыл
Сыйымдуулугу764 окуучуга ылайыкталган. Азыркы учурда мектепте 1220 окуучу билим алат.
Жылытуу түрүЭлектр
Ресурстук базаМектеп 3 кабаттан турат, 38 окуу кабинети, 150 орундуу жыйындар залы, спорт залы жана 90 орундуу ашкана бар.
Окуу  кабинеттериОИВТ-1, кыргыз тили-3, физика-1, химия-1, биология-1, история-1, башталгыч класстар -8, география-1, русский язык-2, чет тили -2
Техникалык жабдуусуПроектор-2,  интерактивдүү доска-2, интерактивдүү панель-1
Иштөө режими 5-күндүк, с 8.00 дон 18.30 га чейин, окутуу- 2 смен
Окутуу тиликыргызча, орусча (башталгыч класстар)
Окуу китептериОкуу китептер  – 14015  экз. көркөм китептер – 189  экз.
Педагогикалык курам69 мугалим
Жалпы орто билим берүү мекемесинин миссиясыМекенчил, дүйнөгө болгон көз карашы кеңири, сынчыл ой жүгүртө алган, физикалык жактан өнүккөн, коммуникативдик маданиятка, келечектин көндүмдөрүнө ээ, көп тил билген, негизги мектепти бүтүп, билим алуунун жогорку деңгээлине жетүүгө даяр, кесип тандоого жөндөмдүү, коомдун өнүгүүсүнө таасир бере алган, өзүн таанып билген  жаранды  даярдоого бардык шарттарды түзүү жана ишке ашыруу
Мектептин негизги усулдук  темасы“Окуу процессинде инновациялык технолгияларды колдонуу аркылуу окуучуларды келечектин    көндүмдөрүнө калыптандыруу”
Социалдык  паспортЖетим -3, жарым жетим -53, толук эмес үй бүлө -81, аз камсыз үй бүлө -22
Көзөмөлдүн багыттарыАдминистративдик кенеш, пед.кеңеш, кичи пед.кеңеш, методикалык кеңеш, укук бузууучулук боюнча профилактикалык иштер,ата-энелер чогулушу, комитеттердин чогулушу, класстык ата-энелер чогулушу, директор алдындагы кенешме,

завуч  алдындагы кенешме административдик жана өндүрүштүк кеңешмелер, оперативдүү кенешмелер, метод бирикмелердин кеңешмеси ж.б.

Өзүн-өзү башкаруунун формасыМектеп парламенти, мектеп лидерлери ж.б.
Мектептин жетишкендиктери
  • 2021-2022-окуу жылында “Келечек” студиясы уюштурган “Акыл таймаш”  шаардагы мектептер арасындагы кароо-сынак, 3-орун (грамота, китеп жана  Чыныбай Турсунбеков фондунан акчалай сыйлык);
  • 2021-2022-окуу жылында Чынгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча шаардык көркөм окуу кароо- сынагы, “Алтынайдын монологу” 11-А классынын окуучусу Эльдияр кызы Адина, 3-орун;
  •   2021-2022-окуу жылында райондук спартакидада,  ордо оюну, 3-орун (грамота);
  • 2021-2022-окуу жылында укук бузуунун алдын алуу боюнча Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгы тарабынан уюштурулган футбол боюнча спартакиадада, 3-орун, жеңил атлетика боюнча 1-орун, шаардык спартакиада, жеңил атлетика боюнча 1-орун;
  • 2021-2022-окуу жылында шаардык балдар арасындагы волейболдон, гандболдон, жеңил атлетикадан 1-орун (грамота)
  • 2020-2021-окуу жылында райондук “Касым Тыныстановдун эмгеги-унутулгус, табылгыс тарбия” аттуу темада дил баян, жат жазуу сынагы, 10-А класстын окуучусу Иманбекова Аделя 2-орун, жаш адис кыргыз тили жана адабияты мугалими Оторбаева Анипа 2-орун;
  • 2020-2021-окуу жылында «Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата»  райондук семинар өткөрүлдү.
  • 2020-2021-окуу жылында райондук мектеп аралык кичи футбол боюнча 6-8-класстар арасында 3-орун (грамота);
  • 2020-2021-окуу жылында райондук жайкы спартакиададан бадминтон, пионербол боюнча 3-орун, мугалимдер арасында спартакиада-3-орун;
  •  2020-2021-окуу жылында жергиликтүү аймактык башкаруу  аралык балдардын жайкы спартакидада жеңил атлетика 5-6-класстар арасында 3-орун;
  • 2020-2021-окуу жылында жеңил атлетика боюнча жаштар арасында Беларуссияда өткөн дүйнө биринчилиги,  9-А класстын окуучусу Таштанов Калыс 1-орун (кубок,медаль,грамота)
  • 2020-2021-окуу жылында Мамлекеттик тилдин 31 жылдыгына карата шаардык  «Китеп билим булагы» деген темада 6-В класстын окуучусу Асаналиева Шоола дилбаян конкурсунан 2-орун (планшет), даярдаган мугалими Кармышак кызы Жаркын (грамота, 3-күндүк Ысык-Көлгө жолдомо)
  •  2020-2021-окуу жылында мугалимдер күнүнө арналган “Мугалим жөнүндө бир сөз” видеороликтеринин республикалык сырттан таануу конкурсуна активдүү катышкандыгы үчүн 5-А классынын окуучусу Элдиярова Сайкал (грамота);
  •  2019-2020-окуу жылында  Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата «Кыргыз акын жазуучулардын чыгармаларынан сюжеттүү сүрөттөр» райондук  кароо-сынагы 3-орун (грамота);
  • 2019-2020-окуу жылында 9-май Улуу жеңиштин 75 жылдыгына карата «Өлбөс каттар-согуш чындыгы» кароо -сынагы, онлайн видео роликтер;
  •  2019-2020-окуу жылында райондук  иш чарада 11-А класстын окуучусу Орозалиев Даниель долбоор темасы “Тил жана коом”(грамота);
  • 2019-2020 -окуу жылында шаардык Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Кыргыз Республикасындагы Россотрудничество шаардык окурмандардын сынагында 10- А класстын окуучусу Абдылдабек кызы Бермет 2-орун (грамота);
  • 2019-2020 -окуу жылында Эл аралык чемпионатта жеңил атлетика боюнча 8-А класстын окуучулары Таштанов Калыс,Эгембердиев Залкар 1-орун;
  •  2019-2020-окуу жылында “Сурия” коомдук фонду уюштурган чыгармачыл эгиздер жаш таланттар конкурсуна 7-В класстын эгиз окуучулары Укубаев Салман, Укубаева Сахиба катышып, байгелүү орун ээлешти (грамота).