№89 ЖОББМ №89 ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИ

Электрондук каттоо

2022-2023 – окуу жылына 1-класстын балдарын

электрондук каттоонун тартиби жөнүндө маалымат.

 

2022-2023 – окуу жылына балдарды биринчи класска электрондук каттоо mektep.edu.gov.kg сайтында төмөнкү графикке ылайык жүргүзүлөт:

  1. 11-апрелден саат 09:00 27-июнга чейин саат 08:59га чейин –юридикалык жашаган жери боюнча.
  2. 27-июндан саат 09:00дөн баштап 10-августка саат 10:00гө чейин чыныгы жашаган жери боюнча.

Арыз берген ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн инсандыгын ырастоочу документтери (паспорт, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк), ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн жана баланын жеке идентификациялык номери болбосо, баланы мектепке каттоого мүмкүн эмес!

 2022-жылдын 11-апрелине чейин ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр төмөнкүлөрдү даярдашы керек:

– паспорт;

– баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

– жеке идентификациялык номер (ЖИН – ата-эненин/мыйзамдуу өкүлүнүн жана баланын паспортунда көрсөтүлгөн 14 сандан турган идентификациялык номер. Ал жок болгон учурда жашаган жери боюнча калкты тейлөө борборуна (КТБ) кайрылуу керек.

– Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук порталында каттоо дарегинин болушун текшерүү.

Программалык деңгээлдеги система жарандардын төмөнкү жеңилдетилген категорияларына артыкчылык берет:

– үй-бүлөлөрүнүн жашаган жери боюнча аскер кызматчыларынын балдары;

– тиешелүү күбөлүк көрсөткөндө Кыргыз Республикасына көчүп келген жана кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздардын балдары;

– үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрына карата ушул жалпы билим берүү уюмунда бир жылдан кем эмес иштеген мектептердин мугалимдеринин жана кызматчыларынын балдары.

2022-жылдын 11-апрелине чейин аскер кызматкерлери, кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздар, мугалимдер жана мектеп кызматкерлери баланы мектепке каттоо учурга карата жогоруда аталган документтерге кошумча иштеген жеринен маалымкат (справка) даярдашы керек.

Ата – эне/ мыйзамдуу өкүл баланы биринчи класска кабыл алуу жөнүндө билдирме алгангандан кийин, учурдагы жылдын 1 – августунан баштап  10-сентябрынан кечиктирбестен мектепке төмөнкү тастыктоочу документтерди берүүгө милдеттүү:

– мектепке кабыл алуу жөнүндө ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин арызы;

– баланын жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин инсандыгын ырастоочу документтери – нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана                             ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин паспорту;

– ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);

– алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы  (белгиленген формалар);

– баланын 3х4 см. өлчөмүндөгү сүрөтү.

1 – августан баштап 10-сентябрга чейин мектепке тастыктоочу документтерди алып барбаган учурда бала 1-класска кабыл алынбайт.