- Балдардын таза тыкан формачан, сабактан кечикпей келүүсүн камсыз кылат.
- Балдардын сабакка убагында кетип , убагында үйгө келүүсун көзөмөлдөйт.
- Балдардын бош убактысын туура пайдалануусун көзөмөлдөйт, бош убактыларын туура пайдалануу үчүн кружок, секция, курстарга баруусун камсыздайт.
- Мектеп, класс жетекчи менен дайым байланышта болуусу зарыл.
- Баланын жанында карта, тамеки, насывай, курал, кесүүчү саюучу буюм жоктугун дайыма көзөмөлдөп туруусу зарыл.
- Китеп дептерлеринин сыртталышын көзөмөлдөп , күндөлүгүн жумасына бир жолу текшерип кол коюусу керек.
- Сабак учурунда мугалим менен сүйлөшүп, мугалимди алагды кылбоо үчүн телефон менен байланышып, мугалим бош учурда жолугуу сунушталат.
- Ата-эне мугалимдерди сыйлоо менен мамиле кылуусу жана түшүнбөстүктөрдү токтоолук менен чечүү же администрацияга кайрылуусу керек.