№89 ЖОББМ №89 ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИ

Ата-энелер учун эреже

 

  • Балдардын таза тыкан формачан, сабактан кечикпей келүүсүн камсыз кылат.
  • Балдардын сабакка убагында кетип , убагында үйгө келүүсун көзөмөлдөйт.
  • Балдардын бош убактысын туура пайдалануусун көзөмөлдөйт, бош убактыларын туура пайдалануу үчүн кружок, секция, курстарга баруусун камсыздайт.
  • Мектеп, класс жетекчи менен дайым байланышта болуусу зарыл.
  • Баланын жанында карта, тамеки, насывай, курал, кесүүчү саюучу буюм жоктугун дайыма көзөмөлдөп туруусу зарыл.
  • Китеп дептерлеринин сыртталышын көзөмөлдөп , күндөлүгүн жумасына бир жолу текшерип кол коюусу керек.
  • Сабак учурунда мугалим менен сүйлөшүп, мугалимди алагды кылбоо үчүн телефон менен байланышып, мугалим бош учурда жолугуу сунушталат.
  • Ата-эне мугалимдерди сыйлоо менен мамиле кылуусу жана түшүнбөстүктөрдү токтоолук менен чечүү же администрацияга кайрылуусу керек.