№89 ЖОББМ №89 ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИ

Новости

“Балдар органикалык дүйнөдө” күзгү кайрымдуулук эко-жарманкеси Бүгүн, 16-ноябрь күнү Таш-Рабат сатуу, оюн-зоок борборунда күзгү кайрымдуулук эко-жарманкеси болуп өттү. Аталган иш-чарада Бишкек шаарындагы 11 мектеп катышып, анда экологиялык таза жер жемиш жана азыктар сатылды. Бул катардан биздин мектеп дагы артта калбай, жигердүү катышууга аракет кылдык. Ага көмөкчү болуп мектебибиздин Умарбекова Миргүл эже жетектеген 10-а классы жана […]
19.11.2024 9
Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу жана Туруктуу өнүгүү маданиятын өнүктүрүү менен климаттын күн тартибине балдарды жана жаштарды тартуу максаттарында кабыл алынган буйруктун негизинде, 2024-жылдын 14-18-октябрына чейин климаттык билим берүү жумалыгы болууда. Окуучуларды климаттык тарбиялоодо турмуш-тиричиликте ишке ашыруучу көндүмдөргө басым жасоо эффективдүү натыйжа берип келгендигинен климатологдор айтып келишет. Жумалыктын негизинде, Бишкек шаарынын Свердлов районун […]
19.11.2024 58
2024-жылдын 23-октябрында “Кыргыз тилин окутуп-үйрөтүүдөгү жаңы мамилелер жана анын келечеги» аттуу республикалык форумга мектеп директору Худайбердиева Топчугуль Мухтаровна катышып келди. Мектептин өнүгүү багыттарынын бири-көп тилдүүлүк программасы.
19.11.2024 11
Ар бир улут өзүнүн эне тили болбосо улут боло албайт. Менимче улут болуу үчүн эң чоң далил – тилдин айырмачылыгы”, – деп кыргыз илимпоз-агартуучусу, коомдук ишмер Ишеналы Арабаев айткандай, ар бир элдин иденттүүлүгүн, улутун аныктаган бул анын – тили, эгер тил жоголсо, улут жоголот. Эгемендүү мамлекеттин өзөгүн түзгөн улуттун эне тили болгон кыргыз тилине мамлекеттик […]
19.11.2024 13
2024-жылдын 5-октябрында №89 ЖОББ мектебинде «Мугалимдердин кесиптик майрамы» белгиленди. Мугалимдер майрамына карата мектепте “Мугалим мөмөлүү дарак” деген темада класстык сааттар өткөрүлдү. Мындан тышкары уюштуруучу жана мектеп парламенти тарабынан мугалимдерге арналган майрамдык кече уюштурулду. Мугалимдерди куттуктап, мектеп парламентинин көркөм ырлар окулуп, ыр-бий, оюн-зоок тартуулашты. Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө, сапаттуу билим берип, мыкты келечек ээлерин тарбиялап, коомдун, өлкөнүн […]
19.11.2024 15
№52 мектепте өткөрүлгөн “Жарандык коргонуу” боюнча ищ-чарага №89 жалпы орто билим берүү мектебинин жетекчилери, мугалимдер жана окуучулар дагы активдүү катышты.
05.11.2024 15
Кыргыз элинин руханий маданиятынын ажырагыс бөлүгү катары салттуу музыканы комузсуз элестетүү мүмкүн эмес. Комуздун күүлөрү өзүнө философиялык ойлорду, жашоо-турмушту жана маданияттын өзгөчөлүгүн камтып, муундан муунга өтүп, биздин күнгө келип жетти. кылымдарды карыткан комуздун улуулугун сыйлап, Кыргызстанда 9-сентябрь “Комуз күнү” катары белгиленет. Комуз күнү «коомду консолидациялоо жана элдин биримдигин бекемдөө», андан тышкары, «этностук коомчулуктардын маданияттар аралык […]
25.10.2024 21
Бишкек шаарындагы №89 жалпы орто билим берүү мектебинде 2024-2025-окуу жылы үчүн окуучуларына билим күнү майрамдалды. Билим күнүнө арналган салтанат саат 9:00дө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Гимни менен башталды. Андан ары 1-класстын окуучуларынын ырлары айтылып, ыр бийлер менен коштолду.
25.10.2024 17
Бишкек шаарындагы №89 ЖОББМнин 2023-2024-окуу жылынын 25-майында “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу аземи болуп өттү. Салтанттуу иш-чара мамлекеттик гимн менен башталды жана иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Мусаева Рахат Ишенбековна куттуктоо сөзүн сүйлөп мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ийгилик каалады. Ал эми №89 ЖОББ мектеп директору Худайбердиева Т. М. салтанатту иш-чаранын конокторуна, мектеп окуучуларына жана мугалимдерге майрамдык […]
24.10.2024 14
Энелер күнүнө карата ЭлТР телеканалынын “Маданият” бөлүмү тарабынан уюштурулган “Кадырман карыларым” аттуу майрамдык концерт тартууланды. Концерттин программасын С.А. Калматова түзүп чыккан. Концерттик программанын катышуучулары №89 ЖОББМнин мугалимдери. Алар Калматова С.А., Асангазиев Р.С.,Бейшеналиев К.А.,Чатыркулова Э., Майрамбекова А., Ниязалиева З., Талантбеков А. Концерт жогорку деңгээлде өтүп “Кадырман карыларым” төш белгиси менен сыйланышты.
24.10.2024 16
1 / 1212345...10...»