25-май АКЫРКЫ КОҢГУРОО АЗЕМИ
Бишкек шаарындагы №89 ЖОББМнин 2023-2024-окуу жылынын 25-майында “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу аземи болуп өттү. Салтанттуу иш-чара мамлекеттик гимн менен башталды жана иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Мусаева Рахат Ишенбековна куттуктоо сөзүн сүйлөп мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ийгилик каалады. Ал эми №89 ЖОББ мектеп директору Худайбердиева Т. М. салтанатту иш-чаранын конокторуна, мектеп окуучуларына жана мугалимдерге майрамдык куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Иш чарада бүтүрүүчү кластардын жетишкендиктери айтылып “Мактоо баракчалары” менен сыйланышты. алдыдагы аттестациялоо маалыматтары айтылды.
Иш-чара жогорку денгээлде өттү.
Комментарии