5-октябрь Мугалимдер күнү
2024-жылдын 5-октябрында №89 ЖОББ мектебинде «Мугалимдердин кесиптик майрамы» белгиленди. Мугалимдер майрамына карата мектепте “Мугалим мөмөлүү дарак” деген темада класстык сааттар өткөрүлдү. Мындан тышкары уюштуруучу жана мектеп парламенти тарабынан мугалимдерге арналган майрамдык кече уюштурулду. Мугалимдерди куттуктап, мектеп парламентинин көркөм ырлар окулуп, ыр-бий, оюн-зоок тартуулашты.
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө, сапаттуу билим берип, мыкты келечек ээлерин тарбиялап, коомдун, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон түмөн түйшүктүү, ары сүйкүмдүү кесип ээлери болгон мугалимдерди сыйлоо аземи менен коштолду. Сыйлоо баракчаларын мектеп директору Худайбердиева Т.М. тапшыруу менен
бирге мектеп директору жалпы мугалимдердин ийгиликтери жөнүндө кеңири сүйлөп, аларга ыраазычылык, куттуктоо сөзүн айтып, жалпы мектеп жамаатына ийгилик каалады.
-Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин грамотасы- Абдырахманова А.З., Ашыралиева Г.Б.
-Свердлов райондук Билим берүү башкармалыгынын грамотасы – Жапарова Н. Д.
-№89 ЖОББ мектебинин грамотасы- Сманова Ч.Ч.
Ниязалиева З., Мудунова Ж.Б., Нуржан к А.
Мектептин профсоюздук уюмунун төрайымы- Шамшыкадырова Ш. С. Бишкек шаардык Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан Ардак грамотасын төмөнкү мугалимдерге тапшырды.
Бакасова Н.Б.
Ашыралиева Г.Б.
Джапарова Ф.Ж.
Жалпы сыйлык ээлерин сыйлыгыныздар кут болсун. Кесиптик майрамыңыздар менен!
Комментарии