Ар бир улуттун өзүнүн эне тили болбосо улут боло албайт! Мамлекеттик тилге 35 жыл
Ар бир улут өзүнүн эне тили болбосо улут боло албайт. Менимче улут болуу үчүн эң чоң далил – тилдин айырмачылыгы”, – деп кыргыз илимпоз-агартуучусу, коомдук ишмер Ишеналы Арабаев айткандай, ар бир элдин иденттүүлүгүн, улутун аныктаган бул анын – тили, эгер тил жоголсо, улут жоголот.
Эгемендүү мамлекеттин өзөгүн түзгөн улуттун эне тили болгон кыргыз тилине мамлекеттик тил статусун ыйгарган биринчи конституциялык жобо 1929-жылкы Кыргыз АССРнын Баш мыйзамында белгиленген. Андан соң, туура 60 жылдан кийин 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Аталган мыйзамдын кабыл алынышы жана эне тилге мамлекеттик тил макамынын берилиши өлкөнүн эгемендүүлүк алганга чейинки маанилүү кадамдарынын бири, ошол мезгилдин чоң жеңиши болгон. Арадан 35 жыл убакыт өтүп, 23-сентябрь – Кыргызстандын мамлекеттик тил күнү майрам катары белгиленип келе жатат.
Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата №89 жалпы орто билим берүү мектебинде 1-11-класстарга класстык сааттар өтүлдү. Мамлекеттик тилдин өнүгүшү, калыптанышы, басып өткөн жолу жөнүндө маалымат берилип, кыргыз тилин кийинки муунга өткөрүп берүүдө зор салым кошуп, өз эмгектерин жаратып келген инсандар жөнүндө да айтылып, акындардын ырлары окулду. Айрым класстар класс жетекчиси менен биргеликте слайд, видеолорду жасап көрсөтмөлүү сабактарды өтүштү.
Комментарии