“Балдар органикалык дүйнөдө” күзгү кайрымдуулук эко-жарманкеси
“Балдар органикалык дүйнөдө” күзгү кайрымдуулук эко-жарманкеси
Бүгүн, 16-ноябрь күнү Таш-Рабат сатуу, оюн-зоок борборунда күзгү кайрымдуулук эко-жарманкеси болуп өттү. Аталган иш-чарада Бишкек шаарындагы 11 мектеп катышып, анда экологиялык таза жер жемиш жана азыктар сатылды. Бул катардан биздин мектеп дагы артта калбай, жигердүү катышууга аракет кылдык. Ага көмөкчү болуп мектебибиздин Умарбекова Миргүл эже жетектеген 10-а классы жана Ашыралиева Гүлзат эже жетектеген 10-б классынын, ошондой эле ийрим мүчөлөрүнүн ата-энелери кол созушту. “Көп түкүрсө көл болот”-дегендей, бизди коштогон 10-класстарыбыз жана ата-энелерибиз мектебибиздин аброюн гана көкөлөтүп тим болбостон, жакшы ишке себепчи болуп калды. Буюрса, алдыда жарманкеден түшкөн каражаттар калаабыздагы мүмкүнчүлүгү чектелген окуу мектептеринин бирине жеткирилип берилет. Албетте, ал күндө да окуучуларыбыз жылуу жылмаюуларга өз көзү менен күбө болуп келет деген ишеничтебиз.
Жакшы ишке себепчи болуп, жүрөктү ырахаттандырганга эмне жетсин.
Бар бололу, бир бололу замандаш!
Иш-чараны колго алып, уюштуруу иштерин өз моюнуна алган борборубуздун ар бир кесипкөй адистерине терең ыраазычылык билдиребиз!
КР Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөрдүн борборунун “Жаш экологдор” программасынын негизинде түзүлгөн Бишкек шаарынын Свердлов районун №89 жалпы орто билим берүү мектебинин Мамбеткулова Динара жетектеген “Жаш коргоочулар“ ийрими
#жашылкелечек
@bilimilimkg @rducekt.kg @89_mektep_official @10a.class89 @10b_89_school @biyik_ryskulov @dinara_mambetkulova26
Комментарии