Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган иш-чара 10-11-класстын окуучуларынын катышуусунда болуп өттү. Иш-чарага мектеп директору, мугалимдер жана окуучулар катышты. Иш-чарада кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө презентация даярдалып маалыматтар айтылды, окуучулар тарабынан сахналык көрүнүш дагы көрсөтүлдү. Иш-чара көркөм окуу, ыр, комуз күүсү менен коштолду. Даярдаган тарых мугалимдери Бекбоева Миргүл Сексенбековнага, Рыскельдиева Айтурган Рыскельдиевнага ыраазычылык билдирүү менен бирге окуучулардын окууларына жетишкендиктерди каалайбыз.
Комментарии