Климаттык өзгөрүү жумалыгы.
Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу жана Туруктуу өнүгүү маданиятын өнүктүрүү менен климаттын күн тартибине балдарды жана жаштарды тартуу максаттарында кабыл алынган буйруктун негизинде, 2024-жылдын 14-18-октябрына чейин климаттык билим берүү жумалыгы болууда.
Окуучуларды климаттык тарбиялоодо турмуш-тиричиликте ишке ашыруучу көндүмдөргө басым жасоо эффективдүү натыйжа берип келгендигинен климатологдор айтып келишет. Жумалыктын негизинде, Бишкек шаарынын Свердлов районун №89 жалпы орто билим берүү мектебинин 5-б классына үстөл оюну өткөрүлдү. Климаттын чоң душманына айланган таштандыларды сорттоо эрежелери аталып, түшүнүк берилип, класс топторго бөлүнүп биргеликте сорттоо иштерин аткарып көрүштү. Кызыгуу менен катышкан класс окуучулары алган билимдерин турмушта колдоноорун айтып өтүштү. Алгачкылардан болуп тез жана туура аткарган топ 1-орунду ээлеп, кичинекей белекке ээ болушту.
КР Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөрдүн борборунун “Жаш экологдор” программасынын негизинде түзүлгөн Бишкек шаарынын Свердлов районун №89 жалпы орто билим берүү мектебинин Мамбеткулова Динара жетектеген “Жаш коргоочулар“ ийрими
#жашылкелечек
@bilimilimkg @rducekt.kg @89_mektep_official
Комментарии