Ордо ийриминин 2022-2023-окуу жылына карата түзүлгөн иш мерчеми
Ар бир эл өзүнүн салты, үрп-адаты менен гана эмес өздөрүнө тиешелүү болгон (салттык) улуттук оюндары менен да айырмаланат. Ал эми кыргыз элинин улуттук оюндары болуп ордо, тогуз коргоол, оромпой, дүмпүлдөк, ак чөлмөк, аңгилдек, уюм тууду, селкинчек, упай, топ таш жана башка ат оюндарынын түрлөрү эсептелет.
Кыргыз эли өз жашоо тарыхында татаал жолдорду басып өсүп, эли жерин, малынын ал тургай коңшулаш жашаган тектеш тилдүү калктарды да сандаган жоодон, табийгаттын катаал кырсыктарынан коргоп келген. Ошону менен катар өз биримдигин, үрп-адатын, салтын, кылымдар бою түзүлгөн маданиятын көөнөртпөй сактаган. Не бир ажайып ыр күүлөр, элдик кол өнөрчүлүктүн түмөн түрү, макал ылакаптар, жомоктор, ал эмес залкар эпосторго чейин тилден дилге өткөрө аздектелип эс акылдын кудурети менен ушул күнгө жетти.
Ат жалында эркин ойноп, көчүп конуп жүрүүгө шай жаралган жоокер элдин кулк мүнөзүнө, улуттук өзгөчөлүгүнө жараша сандаган кыймылдуу оюндарды ойлоп табышкан. Ал оюндар азыр биз жашап жаткан күндөргө да жетип, кай бирлери социалдык мазмунга жараша өзгөрүүлөргө дуушарланган.
Негизинен ал оюндарда элдин ой тилеги, үмүтү, кубанычы, өкүнүчү, эрдиги, эркиндик теңдикке умтулуусу, адилеттик, акыйкаттык үчүн болгон күрөшү камтылган. Ал оюндардан элдин педагогиканын мыкты үлгүлөрү, элдик терең философиялык көз караштар, улуттук өзгөчөлүк көрүнүп турган.
Элдин тагдырына көмөктөш оюндар адам коомунун бардык мезгилдеринде өмүр сүрүп, доордун өнүгүшүнө, өзгөрүшүнө, талабына жараша жаңыланып алымча-кошумчаланып, ар кандай сапаттарга, түрлөргө өтүп түбөлүктүү жашоосун уланта берген. Элдик маданияттын, дөөлөттүн айныгыс бөлүгүнө айланган. Ага умтулган адамзат доорунун өзгөргүс жолдошу болгон. Баарынан да калкты дене түзүлүш жактан жеткилең тарбиялоодо, кооздукка, сулуулукка умтулууда бирден бир курал — бул кыймылдуу оюндар, ыр күүлөр, санат-санжыралар, жаңылмачтар, табышмактар болгонун эч ким тана албас.
Кыргыздар да эл болуп жаралгандан өздөрүнө мүнөздүү ар кыл доорлорго, мезгилдерге, ошол көздүн социалдык шартына жараша ошого таандык оюндарды жаратышкан. Эл канчалык көчмөн өмүр сүрүп, сабатсыз болгонуна карабай калың калктын башынан өткөргөн өмүрдүн элесин унутулгус кылыш, оюн өнөрүндө калтырып, келечек урпактарга белек катары сактап келиптир. Ар бир оюнду өткөрүүдө ага катышууга оюнчулардын жаш курактарын, даярдыктарын, жекече өзгөчөлүктөрүн, жынысын, оюнда колдонулуучу аспаптарды, оюн өткөрүлүүчү жайларды эсепке албай коюуга болбойт.
Сунуш кылынган оюндардан ар түрдүү шарттарда уюштуруп жана колдонуш үчүн каалаганын тандап алууга кыйынчылык түзүлбөйт. Маселен; аспаптар, оюн өткөрүү үчүн жай, элдик майрамдарда, айыл-чарба эмгекчилеринин күнү белгилеген шаңдуу күңдөрдө, тойлордо, нооруз майрамын майрамдоодо, же болбосо жөн гана күндөлүк машыгууларда, ар кандай ийримдерде каалаган оюндарды тандап алып өткөрө берсе максатка ылайык болот.
Элдик оюндардын мааниси канчалык зор экендиги ар бир жаранга белгилүү.
Ийримдин негизги максаты:
- Окуучулар арасында улуттук оюндарды көрсөтүп үйрөтүү, таркатуу:
- ата бабалардан , улуу муундан калган мурас катары кийинки муундарга калтыруу, оюн менен бирге өткөн тарых, жашоо шарттары жөнүндө билдирүү;
- унутулуп бара жаткан оюндардын эрежелерин толуктоо, тактоо;
- оюндардын окуучулар үчүн логикалык ой жүгүртүүсүнө, тактикалык жана стратегиялык багыттамаларды баамдоосуна шарт түзүшү;
- улуттук оюндар окуучулардын дене түзүлүшүнө, ар кандай кыймылдын түрлөрүнө ийкемдүү болушуна, оюн эрежелерин так сактоо менен тарбиялык маанини да камтышы сыяктуу максаттарды көздөйт.
Ийрим жетекчиси: Бейшеналиев Калыс