№89 ЖОББМ №89 ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИ

Англис тили ийрими

Telegram-канал "?? Англис тили - ?? Английский - ?? English" — @Akysyzanglistiladmin_bot5 — TGStat

Мектептин локалдык актыларыАнглис тили ийриминин 2022-2023-окуу жылына карата түзүлгөн иш мерчеми

 

 

Бүгүнкү күндө англис тили дипломатиянын, соода байланыштарынын жана бизнес мамилелеринин тили. Дүйнөнүн 90 % ушул тил аркылуу эл аралык иштерди жүргүзүшөт. Дүйнөлүк финансылык фонддор жана биржалар англис тили аркылуу баарлашышат.

Англис тили – испан, араб, француз, орус, кытай тилдеринин катары менен Бириккен Улуттар Уюмунун официалдуу тили болуп саналат.

Англис тил- билим тармагынын тили.

Баардык заманбап билим берүү мекемелери, дүйнөдөгү престиждуу жогорку окуу жайларында сабактар англис тилинде өтүлөт. Илимий докладдар, макалалар англис тилинде интернет булактарына чыгарылат

Англис тил –илимдин жана техниканын тили.

Англис тили- 21-кылымдын,  техникалык өнүгүүнүн жана маалыматтык технология кылымынын тили. Бүгүнкү күндө баардык жаңы чыгып жаткан жабдыктардын, уюлдук телефондордун, түрдүү гаджеттердин инструкциялары дал ушул тилде басылып чыгат. Ар кандай чөйрөдөгү жанылыктар аталган тилге которулуп интернет булактарында жарык көрөт.

Англис тил- жаштардын тили.

Жаштардын көпчүлүгү кино сүйүүчүлөр. Америкалык актерлор, музыканттар жаштардын кумирлери болуп келишкен. Ошол эле учурда голливуд кино индустриянын талашсыз лидери. Мына дал ушул голливуд кинолору англис тилинде жарыкка чыгышат, андан соң башка тилдерге которулат.

Англис тили ийримиДемек, англис тил – бул универсалдуу жана эл аралык тил. Эл аралык тил жөнөкөй жана баарына түшүнүктүү болушу шарт. Андыктан, англис тилинин сөздүгү бай жана грамматикасы башка тилдерге салыштырмалуу жеңил. Бул тил дүйнөлүк аренада эл аралык тил катары дагы канча өмүр сүрөт болду экен? Аны айтыш кыйын. Бирок кытай тилин сүйлөгөндөрдүн саны 8 000 000дон ашат. Бул деген англис тилин сүйлөгөндөрдөн эки эсе көп дегенди берет. Андай болсо, эмне үчүн кытай тили эл аралык тил болуп эсептелинбейт деген суроо жаралбай койбойт?

Дүйнөдөгү эң популярдуу жана дүйнөлүк тил болгон англис тилин үйрөнүүгө кош келгиле балдар!


Ийрим жетекчиси: Талантбеков Айдар Талантбекович