Кымбаттуу окуучулар! Урматтуу ата-энелер, кесиптештер жана майрамдын коноктору! Мен чын жүрөктөн баардыгыңыздарды 1-сентябрь билим күнү менен куттуктайм! Бул жаңы окуу жылынын башталышы, билим үчүн, эң жакшы баалар үчүн, ишенимдүү достор үчүн, жаңы бийиктиктерди багындыруу үчүн күрөштүн башталышы! 1-сентябрь — бүгүн биринчи класс болгон балдардын жашоосундагы жаңы этаптын башталышы. Биринчи сентябрь – Билим күнү! Мектеп дүйнөсүнө кош келиңиздер! 1-сентябрь бүтүрүүчүлөр үчүн – алардын жашоосундагы акыркы 1- сентябрь. Кымбаттуу 11-класстар!
Бүгүн мугалимдерге ыраазычылыктын жылуу сөздөрүн айткым келет. Силер окуучуларга илимдерди таанууга жардам бересиңер, жаңы түшүнүктөрдү ачасыңар, түшүнүксүз нерселерди түшүндүрөсүңөр. Силер принципиалдуулуктун жана сезимталдуулуктун үлгүсүсүңөр, силердин талантыңар, чыдамдуулугуңар, жоопкерчилигиңер – ийгиликтүү окутуунун шарттары! Сиздердин алдыңыздарда жаңы пландар, жаңы ийгиликтер жана жетишкендиктер болсун! Ден-соолук сиздерге!
Комментарии