№89 ЖОББМ №89 ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИ

Көркөм гимнастика (бий) ийрими

 

Ансамбль народного танца «Ак куулар» | Внеучебная жизнь СФУ

Мектептин локалдык актыларыКөркөм гимнастика (бий) ийриминин 2022-2023-окуу жылына карата түзүлгөн иш мерчеми

 

Бий өнөрү байыркы заманда эле пайда болгон өнөрдүн түрү болуп саналат. Бийдин бир нече түрү же стили бар. Жалпысынан алардын баардыгы экспрессивдүүлүк, ийкемдүүлүк жана кыймыл – аракеттерди музыканын ритми менен координациялоо сыяктуу жалпы мүнөздөмөлөрдү камтыйт. Бийди өзүнчө же топто аткарса болот. Бийдин түрлөрү көбүнчө белгилүү бир жанр же музыкалык стиль менен байланыштуу.

Классикалык бий – бул категорияга орто кылымга мүнөздүү бийлер кирет (балет,вальс). Алардын көпчүлүгү жылмакай, жарашыктуу, координацияланган жана гармониялуу кыймыл менен мүнөздөлөт.

Элдик бий – ошондой эле салттуу деп аталат. Алар бир улуттун каада-салты, үрп-адаты, маданияты бий кыймылдары аркылуу көрсөтүлөт. Алардын улуттук кийимдери, музыканын түрү жана колдонулган музыкалык аспаптар сыяктуу өз элементтери бар.

Заманбап бий – жаш көрүүчүлөр арасындагы эң популярдуу болгон жана айрыкча акыркы жылдар Батыш маданиятынын бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы технологиялардын өнүгүшу менен алардын көпчүлүгү жайылып, кино, телекөрсөтүү жана интернет аркылуу жайылды. Алардын айрымдары бир он жылдыкты жана музыкалык стилди аныкташат.


Бийдин кандай гана түрлөрү болбосун элдикпи, заманбапбы – айтор, мунун баары биздин физикалык активдүүлүгүбүз болуп саналат. Ал эми физикалык активдүүлүк – бул сергек жашоонун бир бөлүгү.

Көркөм гимнастика (бий) ийримиКөркөм гимнастика (бий) ийримиБийдин ден-соолукка берген таасири абдан көп. Мисалы: бийлөө учурунда адамдын денесиндеги баардык булчундары активдүү иштеп, организмге оң таасирин берет. Балдардын дене боюунун өсүүсүнө жардам берип, активдүү жашоо образын алып жүрүүгө жол ачат.

Балдардын иштөө жөндөмдүлүгүн өстүрүп, организимди чыдамкайлыкка тарбиялайт.

Балдар үчүн бий – эң маанилүү ийрим болуп саналат. Анткени, бий аркылуу балдар өзүнүн энергиясын белгилүү бир тарапка багыттап, өзүнө жана көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашат. Музыканын ыргагы менен бийлөөгө, музыка менен кыймыл аракетти айкалыштырууга үйрөнүшөт. Бийдин образын, бийдеги каармандын кулк-мүнөзүн, ой сезимин, кыймыл – аракет менен бийдин мазмуну ачылып берилет. Ошондой эле бийде кайсы бир окуянын орду менен мезгилин сүрөттөөдө декорация, сахнаны түрлөнтүп туруучу ар түрдүү жарыктар, кийүүчү кийимдер (костюм) да чоң роль ойнойт.

Биздин мектепте хореография боюнча сабактар өтүлүп, ар түрдүү улуттун бийлери үйрөтүлөт. Андан сырткары көптөгөн конкурс – фестивалдарга, сынактарга катышып, коомдо, сахнада өзүн алып жүрүүгө, көпчүлүк менен баарлашып бири-бирин сыйлоого үйрөнүшөт.

Биздин максатыбыз бийге шыктуу балдардын потенциялын, талантын ачуу, ошону менен бирге алардын дене боюнун, организминин туура өсүп-өнүгүшүнө кам көрүү болуп саналат.

Ал эми глобалдуу максатыбыз албетте Кыргызстандын бий искусствосун көтөрүп, даназалоо!


Ийримдин жетекчиси: Таалайбек кызы Айпери

 

 

Көркөм гимнастика (бий) ийрими