№89 ЖОББМ №89 ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИ

Комуз ийрими

Комуз: описание инструмента, устройство, история, легенда, виды, как играть

 

Мектептин локалдык актыларыКомуз ийриминин 2022-2023-окуу жылына карата түзүлгөн иш мерчеми

 

Үч буроо жалгыз тээк үч кыл комуз,

Чертилбейт күүгө келбейт чебер колсуз.

Опоңой көргөн көзгө жөпжөнөкөй,

Бирок да өнөрү бар айтып болгус.

Комуз ийрими

Кыргыз элине кеңири тараган музыкалык аспаптын бири комуз. Комузду кыргыз элинин көпчүлүгү черте билет. Комузду колуна алып мен комузчумун дегендин баары үнүн комуздун коңуру менен коштой алат. Кыргыз комузу үч кыл тагылышы жана ар кыл күүлөрдү күүгө салуу жактарынан өзгөчөлөнөт.

Комузчулук өнөр

Коломто комузчу. Очок башында жамбаштап жатып, өзү менен өзү кыңгыр добуш салаар, эриккенде ээн жерде эрмекке жараар, чаалыгып-чарчаганда черин жазаар, качан да болсо жүк бурчунда комузу даяр. Мындай өнөр, албетте, коломто комузчуга гана таандык.

Жоро комузчу. «Yлпөт» десе, үйүндө тынч жатпаган, отуруш жыйынды эстеп, оолукмасы кармаган, «жоро-бозо» жыйындарында четте калбаган, обон күүлөрдү ойкуштанта чалып, ким ырдаса, ошону жандаган, жалгыз жарым кайрыктарды кураштырып, «менин күүм» деп жарыя салганга чейин барган, бирок, аламан жарышка жарай албаган, арымы кыска аспапчыларды жоро комузчу деп коюшат.

Устат комузчулар. Мектептерде, атайын окуу жайларда, маданий мекемелерде, ишканаларда, ийримдерде шакирттерин даярдап, ата мурастарынын өнүгүшүнө салымдарын кошкон комузчулар устаттар аталышат. Албетте, устат-шакирт ортолугундагы алака-катышта «акыл оошмок, өнөр жугушмак».

Устат-шакирт аралыгы түбөлүктүү эмес. Идиреги бар шакирттер устатынан алгандарын бүкүлү бурдап сугунбайт. Чыпкалап, тандап, чыныгы чыгармачылык электен өткөрүшөт, таразалап-такташат, тазаларын бапташат, өз табылгаларын сыпайы чаптап, жаңыны жаратышат. Эл макалында айтылгандай: «устатынан шакирти өтмөгү» ошондон.

Сыпайы-сынаакы комузчулар. Шартылдата күү чалып, шаңкылдата обон созуп, шатыра-шатман отуруш жыйындарда өзүн өзгөчө көрсөтпөйт. Кыл тербөөчүлүк өнөрүн өз чөйрөсүндө гана сыпайы сыртка чыгарат. Калк мурасына кадыркечтик мамиле кылган, талаштуу маселеде калыс турган, аталар салтын аздек туткандар сыпайы-сынаакы комузчуларга жаткан.

Комуз ийримиИйримдин максаты:

Кыргыздын байыркы музыкалык аспаптарынын негизгиси болгон комузду ойноо өнөрүн окуучуларга үйрөтүү, окуучунун угуу жөндөмүн эске тутумун жакшыртуу, алардын музыкалык жөндөмүн арттырып, ички сезимдерин ойготуу. Мындан тышкары комуз чертүү өнөрү аркылуу, комуздун мукам күүлөрү, ырлары аркылуу кыргыз элинин байыркы тарыхын маданиятын, үрп-адатын, салт-санаасын билүүгө өбөлгө түзүү.


Ийрим жетекчиси: Абазбек уулу Ырысбек

Комуз ийрими Комуз ийрими Комуз ийрими

Комуз ийрими