Саламатсыздарбы, урматтуу ата-энелер жана биздин сайтыбыздын коноктору!
Биз сизди №89 жалпы орто билим берүү мектебинин сайтынан көргөнүбүзгө кубанычтабыз. Сиз бул жактан биздин мектепке байланыштуу маалыматтарды таба аласыз. Биздин окуучулардын жана ошондой эле мугалимдердин мектептеги жашоосу, мектепте өткөрүлүп жаткан ар кандай кызыктуу иш чаралары менен тааныша аласыздар.
Эгер сурооңуздар болсо – бизге жазыңыз, биз сизге сөзсүз түрдө жооп беребиз.
Сиздерди терең урматтоо менен №89 ЖОББМнын директору Худайбердиева Топчугүл Мухтаровна
№ 89 ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ОРТО МЕКТЕБИ
Мектептин аталышы | №89 жалпы орто билим берүү мектеби |
Мектеп директору | Худайбердиева Топчугүл Мухтаровна |
Дареги | Свердлов району, Учкун конушу, Миң Булак көчөсү |
Телефондору | +996 (312) 42 88 08 |
Эл.дарекМектептин сайты Фейсбук баракчасы Инстаграм баракчасы | [email protected]www.89.edubish.kg89_mektep_official |
Менчиктештирүү формасы | Муниципалдык |
Мектептин курулган жылы | 2008-жыл |
Сыйымдуулугу | 764 окуучуга ылайыкталган. Азыркы учурда мектепте 1220 окуучу билим алат. |
Жылытуу түрү | Электр |
Ресурстук база | Мектеп 3 кабаттан турат, 38 окуу кабинети, 150 орундуу жыйындар залы, спорт залы жана 90 орундуу ашкана бар. |
Окуу кабинеттери | ОИВТ-1, кыргыз тили-3, физика-1, химия-1, биология-1, история-1, башталгыч класстар -8, география-1, русский язык-2, чет тили -2 |
Техникалык жабдуусу | Проектор-2, интерактивдүү доска-2, интерактивдүү панель-1 |
Иштөө режими | 5-күндүк, с 8.00 дон 18.30 га чейин, окутуу- 2 смен |
Окутуу тили | кыргызча, орусча (башталгыч класстар) |
Окуу китептери | Окуу китептер – 14015 экз. көркөм китептер – 189 экз. |
Педагогикалык курам | 69 мугалим |
Жалпы орто билим берүү мекемесинин миссиясы | Мекенчил, дүйнөгө болгон көз карашы кеңири, сынчыл ой жүгүртө алган, физикалык жактан өнүккөн, коммуникативдик маданиятка, келечектин көндүмдөрүнө ээ, көп тил билген, негизги мектепти бүтүп, билим алуунун жогорку деңгээлине жетүүгө даяр, кесип тандоого жөндөмдүү, коомдун өнүгүүсүнө таасир бере алган, өзүн таанып билген жаранды даярдоого бардык шарттарды түзүү жана ишке ашыруу |
Мектептин негизги усулдук темасы | “Окуу процессинде инновациялык технолгияларды колдонуу аркылуу окуучуларды келечектин көндүмдөрүнө калыптандыруу” |
Социалдык паспорт | Жетим -3, жарым жетим -53, толук эмес үй бүлө -81, аз камсыз үй бүлө -22 |
Көзөмөлдүн багыттары | Административдик кенеш, пед.кеңеш, кичи пед.кеңеш, методикалык кеңеш, укук бузууучулук боюнча профилактикалык иштер,ата-энелер чогулушу, комитеттердин чогулушу, класстык ата-энелер чогулушу, директор алдындагы кенешме, завуч алдындагы кенешме административдик жана өндүрүштүк кеңешмелер, оперативдүү кенешмелер, метод бирикмелердин кеңешмеси ж.б. |
Өзүн-өзү башкаруунун формасы | Мектеп парламенти, мектеп лидерлери ж.б. |
Мектептин жетишкендиктери |
|