“Илим, техника жана өндүрүш” жумалыгы
Бишкек шаарынын №89 жалпы орто билим берүү мектебинде 2023-2024-окуу жылынын 12-февралынан 18-февралына чейин “Илим,техника жана өндүрүш жумалыгы” болуп өттү. Аталган жумалыкты өткөрүү үчүн иш план түзүлүп, бекиттирилди. Мектеп окуучулары менен бирдикте класстар аралык сынак, көргөзмөлөр өткөрүлдү. “Жакшы” деп табылган окуучулардын эмгектери атайын уюшулган көргөзмөгө коюлду. Жогорку класстар арасында “Ойлоп тапкыч” темасына 9-А класстын окуучулары Кыргызстандын картасын жасап келишсе, 6-б класстын окуучусу Урматов Умар өзгөчө ойлоп тапкычтыгы менен желдеткич жасаган. 5-д класстын окуучусу Нарбеков Даниль желим бөтөлкөнүн ичине радио, кол чырак жасап өзгөчө буюм ойлоп тапкан. 6-д класстын окуучусу Жумабеков Тариэль кыймылдагыч колду даярдаган. Ошондой эле 5-д классынын окуучусу Бактиярова Айбийке информатика сабагынан ноутбуктун формасынын түзулүшүнүн кийизден макетин жасап келишсе, технология сабагынан роботторду, үйдүн, компьютердин, гитаранын жана башка буюмдардын макеттерин кызыгуу менен көптөгөн окуучулар жасап келишкен. Ошондой көп класстардын окуучулары дубалгазеталарды тартып активдүү катыша алышты. Ал эми башталгыч класстын окуучулары “Илим” темасына байланыштырып сүрөт тартып келишти. Сүрөттөр көрсөтмөлүү болуп рамкаларга салынып өткөрүлдү. Активдүү катышкан класстардын окуучуларына жана уюштурууга жардам көрсөтүп багыт берген класс жетекчилерге жана предметтик мугалимдерге ыраазылык билдиребиз. “Эң мыкты” деп табылган эмгектердин ээлерине жана активдүү катышкан класстарга мектеп тарабынан грамота тапшырылды.
Комментарии