Туу күнүнө жана Ак калпак күнүнө арналган иш чара өткөрүлдү.
Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу №89 ЖОББ мектебинде бүгүн 3-март Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туу жана 5-март Ак калпак күнү белгиленди. Бул күндө жалпы мектеп окуучуларына класстык-тарбиялык сааттар өтүлүп, 7-класстар арасында ак калпак жана тууга арнап, көркөм өнөрлөрү менен дубал газеталарын даярдашты. Бул күндүн өзгөчө бөлүгүн 6-класстар даярдаган. Анткени, алар класстан тышкарыкы иш-чараны майын чыгара аткарышты. Калпагыбыздын жана туубуздун баалуулугун арттырган чыгаан акындардын ыр саптарын жаттап, көрөм окуп, Манас айтылып жана чимириле бийлеген кыздарыбыз кыргыз бийин бийлешти. Жогорку денгээлде даярдалган иш-чараны даярдоого класс жетексилердин салымы чоң. Жергебизде туубуз көккө карай желбиреп, башыбыздан ак калпак түшпөсүн!
Комментарии