Окуучулардын “ЗИРЕК КЫЗ, БИЛГИ БАЛА” САРМЕРДЕН оюн-мелдеши
Окуучулардын “ЗИРЕК КЫЗ, БИЛГИ БАЛА” САРМЕРДЕН оюн-мелдеши болуп өттү
2024-жылдын 25-26-27-март күндөрү Республикалык деңгээлде окуучулардын “ЗИРЕК КЫЗ, БИЛГИ БАЛА” САРМЕРДЕН оюн-мелдештери өтөт. Бул иш-чара Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борбору уюштурууда. Сармердендин жыйынтыгында эң жогорку упай топтогон эки мектептин топторуна бирден боз үй (бири кыздарга, бири балдарга) тапшырылат.
Белгилей кетүүчү жагдай, “2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн Концепциясын” ишке ашыруу жана аталган борбордун Кыргызстандагы окуучулардын “Туулган жерим” туристтик-аймак таануу кыймылынын «Тарыхый-маданий мурас» программасынын алкагында мектеп окуучулары үчүн уюштурулуп келет.
“ЗИРЕК КЫЗ, БИЛГИ БАЛА” САРМЕРДЕН оюн-мелдешине да 89 жалпы орто билим берүү мектебинин окуучулары да катышып ийгилик жаратып келишти. Биздин мектептин шайыр окуучулары Военно-Антоновка мектеп-гимназиясы менен 27-мартта чыкты.
Комментарии